Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Бакир Давлетов эскерилди (фото)

07.05.2020 12:42
1324
Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Бакир Давлетов эскерилди (фото)

 

Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата согуш талаасында жана орукта эмгектенген ата-энелердин эмгектерин Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери да эскерет, деп билдирди ОИИББинин басма сөз кызматы.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын согуш жылдарында фашисттер менен салгылашкан аталардын, чоң аталардын жана башка жакындарынын эрдиктерине сыймыктанып, алардын таасири менен эл кызматында жүргөн кызматкерлер тууралуу сөз кылууну улантат.


Ошондой ардагерлердин бири Давлетов Бакир. Ал 1922-жылы Балыкчы районунун Тору-Айгыр айылында туулган. 20 жашка толгондо 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чыкырылып, тиешелүү даярдыктан өткөн соң, курал алып согуш талаасына кирген. Бакир Давлетов фашисттер менен болгон кармашта Сталинград шаарынан тарта Берлинге чейин жетип, согуш майданында көрсөткөн эрдиги, өжөрлүгү жана тайманбастыгы үчүн “Кызыл жылдыз”, “Эрдик”, “Майданда көрсөткөн эрдиги үчүн” жана “Сталинградды коргоо үчүн” төш белгилери менен сыйланган.


Кандуу согуш аяктагандан кийин өз мекенине келип, эл үчүн кызмат кылып жүрүп, 1964-жылы согуш талаасында алган жаракатынан улам дүйнөдөн кайткан. Давлетов Бакир чоң атасынын эрдиктеринен таасир алган Давлетов Азамат жана Давлетов Нурмат аттуу неберелери учурда ички иштер органдарында кызмат өтөшүүдө.

Давлетов Азамат Кыргыз Республикасынын ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясында иштейт. Ал эми, Давлетов Нурмат Кемин районунун ички иштер бөлүмүн жетектеп келет. Бул кызматкерлер чоң атасын көрбөй калса да, кандуу согуш жылдарындагы чоң атысынын башынан өткөргөн окуяларын атасынан угуп, чоң атасынын мыкты сапаттары менен жасаган эрдиги үчүн ар дайым сыймыктанып келишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн