Чүй облустук бириккен ооруканасына профессор Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Эрнст Хашимович Акрамовдун хирургиянын өнүгүшүнө таасирин тийгизген хирургиялык практиканы жана дарылоонун инновациялык ыкмаларын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана жетишкендиктери белгиленди.
“Анын тажрыйбасы жана жөндөмү медициналык практикада кесипкөйлүктүн жана жогорку сапаттын үлгүсү боло алат",- деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн