Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Чүй облустук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын курулушуна мезгил кутучасын салды.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чаранын жүрүшүндө башкы прокурор сөз сүйлөп, прокуратуранын негизги конституциялык милдеттери – мамлекеттик укуктук системаны чыңдоо, жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттыруу жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу экенин баса белгиледи.
Ал прокуратура кызматкерлеринен бул милдеттерди жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана ыкчамдык менен аткарууну талап кылды. Ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, аларды социалдык жактан колдоо жана заманбап иштөө чөйрөсүн түзүү маселелерине мындан ары да өзгөчө көңүл буруларын билдирди.
Белгилей кетсек, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу максатында ири масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
2025-жылы республика боюнча прокуратура органдары үчүн 24 жаңы объекттин курулушу активдүү улантылууда. Алардын арасында административдик имараттар, кызматтык батирлер, ошондой эле кызматкерлердин жашоо жана эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган башка социалдык маанидеги объекттер бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн