Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:14
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Чүйдө мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга рейд уюштурулду (фото)

14.05.2020 15:50
972
Чүйдө мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга рейд уюштурулду (фото)

 

Чүйдө мыйзамсыз күйүүчү май саткандарга рейд уюштурулду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.  


Маалыматка ылайык, аталган рейд Чүй облусунун аймагында өзүм билемдик менен баш аламан түрдө сатылып жаткан күйүүчү майга тыюу салуу жана аларды саткан адамдарга чара көрүү максатында уюштурулган.  Анын алкагында облустун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун аймагындагы бир нече жайлар жабылып, баш аягы 1400 литр күйүүчү май тартылып алынган.  


Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан эгер мына ушундай мыйзамсыз күйүүчү май саткан жайлар болсо мекеменин нөөмөт бөлүмүнө (0312)32 30 91 же (0312)32 37 07 номери аркылуу кабарлап коюну өтүнөт. 






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн