Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүй облусунда ЖКККБ тарабынан 30 айдоочунун унаасы тартып алынган

01.08.2022 11:30
547
Чүй облусунда ЖКККБ тарабынан 30 айдоочунун унаасы тартып алынган


Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоорун алкагында айып пулдарды төлөбөгөн 30 айдоочунун унаасы тартып алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, 25-31-июль аралыгында Чүй облусунун аймагында ЖКККБ инспекторлору 4 миң 44 жол эрежесин бузууну аныкташты.

Анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 35;

- унааны белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо - 1 миң 792;

- 129 унаа айып аянтчасына токтотулду;

- "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пул төлөбөгөн 30 унаа айып аянтчасына токтотулду.

ЖКККБ айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн