Теке 08, 2025
Убакыт: 14:03
USD
87.30
87.80
EUR
102.30
103.30
RUB
1.110
1.135

Чүй облусунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды

19.01.2024 10:04
541
Чүй облусунда административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды


Чүй облусунун аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү долбоору талкууланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, резидентинин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев административдик-аймактык реформа боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйынын өткөрдү.

Жыйын КР президентинин "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Жыйында президенттин өкүлүнүн аппаратынын Чүй облусунун аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча даярдаган жол картасынын долбоору талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн