Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүй облусунда чек арада болгон окуядан кийин тургундардын үйлөрүнө таш ыргытылган

01.05.2021 11:50
892
Чүй облусунда чек арада болгон окуядан кийин тургундардын үйлөрүнө таш ыргытылган


Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин 30дай жаран Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын үйлөрүнө таштарды ыргытышкан.


Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, учурда Жаңы-Жер айылында азыр абал туруктуу, милиция кызматкерлери жеринде коомдук тартипти сактап жатышат.


"Кечээ болжол менен саат 20.30да милицияга Жаңы-Жер айылында жаштар чогулуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Белгилүү болгондой, болжол менен 25-30 адам Баткен облусунун жашоочулары үчүн гуманитардык жардам чогултуу үчүн келгени белгилүү болду. Саат 21:40 чамасында чогулгандардын саны 40-50 кишиге чейин көбөйдү. Жеке адамдар жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө таш ыргыта башташты. Милиция окуя болгон жерге келгенден кийин, жаштар качып кетишкен. Жабыркагандар жок", - деп билдирди Чуй ОИИБ.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн