Теке 08, 2024
Убакыт: 12:14
USD
85.70
86.60
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.000

Чүй облусунда кабель чыгарган завод ачылды

05.07.2024 14:00
130
Чүй облусунда кабель чыгарган завод ачылды


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Аламүдүн районунда жайгашкан “Бек кабель” ЖЧКнын электр чубалгыларын (кабель) чыгарган заводунун ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө минкаб төрагасы Кыргызстан буга чейин кабелди КМШ мамлекеттеринен импорттоп келгенин, мындан ары бул заводдун ишке кириши менен импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн белгиледи.

“Кабелге болгон суроо-талап улам көбөйүп барат. Акыркы 2020-2023-жылдары кабель продукциясын импорттоо көлөмү көбөйгөн. Эми бул ишкана импорттун ордун толтуруу боюнча дагы бир кадам болуп саналат. Мага берген маалыматтар боюнча, ишкана продукциясын импорттолгон кабелдерге караганда арзан жасап чыгарат. Министрлер Кабинети ата-мекендик өндүрүштү ар тараптан колдоого дайым даяр”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, кабель чыгаруучу заводдун ачылышына мамлекеттик делген “Айыл Банк” ААК өнөктөш болуп, заводдун курулушу менен ишке киргизилишин каржылоо үчүн 4,7 млн доллар бөлгөн. Ал эми инвестициянын жалпы суммасы 6,5 млн доллар.

Бул багытта Акылбек Жапаров Кыргызстандын мамлекеттик делген банктары өлкөнүн экономикалык жактан өнүгүүсүнө жана өнөр-жай ишканаларынын көбөйүшүнө салым кошо турган маанилүү долбоорлордун өнөктөшү болгонго дарамети жеткенин белгиледи.

Адистердин белгилөөсүндө, кабель заводу 60 тонна алюминий, 30 тонна жез жана 100 тонна пластикатты иштете ала турган алдыңкы жабдуулар менен камсыздалган. Чыгарылган кабель жергиликтүү керектөөнү гана камсыздабастан, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге экспортко чыгат.

Заводдо азырынча 70ке жакын жергиликтүү тургун иш менен камсыз болгон, жумуш оруну дагы жогорулашы мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн