Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 19:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чүйдө коронавирус эң көп катталган райондор кайсылар?

03.07.2020 12:57
1034
Чүйдө коронавирус эң көп катталган райондор кайсылар?


Чүй облусунда 3-июнга карата коронавирус менен ооруган адамдардын саны 1289га жетти. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева брифингде билдирди.


Анын айтымында, облустун аймагында коронавирустан жалпы 12 адам каза болду. 

 

"Чүй облусунда коронавирусту эң көп Сокулук жана Аламүдүн райондорунун тургундары жуктурган. Алсак, Сокулук районунда 467, Аламүдүн районунда 358, Жайыл районунда 175, Ысык-Ата районунда 127, Панфилов районунда 69, Москва районунда 68, Чүй районунда 12, Кемин районунда 7, Токмок шаарында 6 адам жуктурган. Бишкекке жакын жайгашкан аймактарда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны жогору болууда”, - дейт Гүлнура Мамбетисаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн