Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чүй облусунда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Анын себептери айтылды

22.06.2020 13:15
917
Чүй облусунда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Анын себептери айтылды


Чүй облусунда COVID-19 илдетин жуктуруу учурларынын өсүшүн бир нече себептер менен түшүндүрүүгө болот. Бул тууралуу 22-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди. 


Анын айтымында, Чүй облусунда COVID-19 илдетин жуктуруу учурларынын өсүшү алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн ташылып келинген учурлардын көбөйүшү, чек аралардын ачылышы жана ички авиакаттамдардын, автотранспорттук каттамдардын жаңыланышы менен түшүндүрүлөт.


Ушуга байланыштуу, катталган учурлардын өсүшү жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле Бишкек шаарындагы ар кандай уюмдардын жумушчулары арасында байкалууда, бирок Чүй облусунда жашагандар арасында жакын байланышта мамиле кургандар болууда. 


"Дагы бир маанилүү фактор калк арасында коронавирус илдетине ишенбегендер болуп жатат жана алар медиктердин берген сунуштарын аткаруудан, беткап кийип жүрүүдөн, социалдык аралыкты сактоодон, жеке гигиена каражаттарын жана антисептик колдоонуудан баш тарткан учурлар болууда”, - деп белгиледи С.Волкова. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн