Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүй облусунда мал уурулук маселеси курч бойдон калууда

10.11.2021 10:28
423
Чүй облусунда мал уурулук маселеси  курч бойдон калууда

Жарандардын малдарына болгон кайдыгер мамилесинен мал уурулук маселеси курч бойдон калууда. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Тилекке каршы, Чүй облусунда мал уурулук маселеси дагы деле курч бойдон калууда. Айылда жашаган ар бир жаран үчүн малдын уурдалышы же жоголушу чыныгы кырсык, анткени мал жандыктары көпчүлүк айыл тургундарынын киреше табуунун булагы болуп саналат. 


Жарандардын айылдык чогулуштарында, милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн алдын алуу иш-чаралардын жүрүшүндө мал уурулук көйгөйлөрү бир нече жолу көтөрүлүп, кылмыштуулуктун келип чыгуу себептери дагы талданган. Бирок, айыл чарба жаныбарларынын ээлерине алардын малдарынын сакталышы боюнча берилген көптөгөн эскертүүлөргө жана кеңештерге карабастан уурулуктар уланууда.


Бул кылмыштар айыл тургунунун бюджетине олуттуу материалдык зыян келтирүүдө. Кылмыштарды талдап көрүп, мал уурулук фактыларынын көп учурунда малдардын ээлери өздөрү күнөөлүү деген тыянакка келсек болот. Анткени, кылмыштын бул түрүнүн жасалышынын негизги себеби мал ээлеринин көзөмөлүнүн жоктугу болуп саналат. Күн сайын үйлөрүнө өз алдынча кайтып келет деген үмүттө малдарды кароосуз жайлоого коё беришип, көзөмөлү жок калтырып коюшат. Кийин малдарды таппай, өздөрү издегенден тыянак чыкпагандан кийин гана милицияга арыз менен кайрылышат. Мал жоготкондор бир топ убакыт өткөндөн кийин кайрылышса, жоголгон малды табуу кыйын болуп каларын эске салабыз. Мындай кылмыштардын бетин ачуу кыйын, анткени көбүнчө күбөлөрү жок болуп чыгат. Адал эмгегиңиз менен баккан малыңыз уурулардын оңой олжосу болуп калбашы үчүн Чүй облусунун милиция кызматкерлери аларды багууда зарыл болгон эрежелерди сактоого, жоголгон учурда милиция кызматкерлерине тез арада кайрылууга чакырат.


Мал уурулук боюнча кылмыштар жасалгандыгы тууралуу маалымат болсо, Чүй ОИИББнин нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 43-01-27, 43-88-85 телефондору аркылуу билдириңиз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн