Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чүй облусунда мыйзамсыз сатылып жаткан 4,5 миң таңгак тамеки тартып алынды

07.04.2021 12:27
986
Чүй облусунда мыйзамсыз сатылып жаткан 4,5 миң таңгак тамеки тартып алынды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарында борбордук базарда өткөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу факталырын аныкташты.


Салык кызматынан кабарлашкандай, анын жыйынтыгында акциздик маркасы жок 4 миң 532 таңгак тамеки тартып алынды.


Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.


Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекини, ошондой эле алкоголдук продукция акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен, тийиштүү лицензиясыз сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsАpp) номери боюнча кайрылууга чакырат.


Белгий кетсек, контрафакттык тамекилерди аныктоо боюнча иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн