Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгы чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн

11.06.2021 12:32
986
Чүй облусунда сугат суунун тартыштыгы чоң кесепеттерге алып келиши мүмкүн

   Чүй облусунда быйыл айыл чарбасында колдонулган сугат суунун  аз болушунун кесепети элге жана дыйкандарга оор болушу мүмкүн. Мындай пикирлерин дыйкандар бүгүнкү брифингде билдирди. 


Алардын айтымында, айыл чарбасында быйыл өтө кооптуу абал жаралган. Эң негизги себеп сугат суунун тартыштыгы. 


"Биз сугат суу боюнча  чара көрүүнү былтыр күзүндө эле айтып, министрликке чара көрүү керек экенин  эскерткенбиз. Бирок тилекке каршы натыйжа болгон жок. Көптөгөн дыйкандар түшүм жакшы болот деген ниетте кредит алып эгин айдаган. Тилекке каршы азыр эгин быша элек куруй баштады. 

Бул дыйкандар үчүн гана эмес, эл үчүн да өтө кооптуу. Анткени жаныбарларга тоют да жок болот. Эң негизгиси күзүндө жана кышында азык-түлүктүн баасы кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн",- деди дыйкандар.                   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн