Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чүй облусундагы бардык мечиттер дезинфекцияланды (фото)

26.03.2020 09:33
755
Чүй облусундагы бардык мечиттер дезинфекцияланды (фото)

 

Чүй облусуна караштуу мечиттердин дээрлик 100 пайызында дезинфекциялоо иш-чаралары жүргүзүлүп, жабык турат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча 400дөн ашуун мечит бар.  Алардын баары дезинфекциядан өтүп, сыртында “Карантин” деген жазуу илинип, мечиттер имамдардын көзөмөлүндө турганы кабарланат.


Борбордук жана чоң мечиттер бир канча жолу дезинфекцияланды. Өлкө аймагында элдердин бир жерге топтолуусуна тыюу салынгандан кийин, мечиттерде жума намаз окулбастан, беш убак намаз да үйлөрдө окулуп жатат. Бирок, мечиттин имамдары, сопулар мечиттерде азан айтышып, намаз үчүн келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Мечитке көнүп калган жарандарыбыз, өтө ыңгайсыз абалга дуушар болушту. Ошого карабастан, сактануу, алдын алуу максатында абалды түшүнүп, макул болгондор менен биргеликте, сөз укпай, мечитте намаз окуйм деген жарандарыбыз да бар. Аларга колдон келишинче түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, — деген Чүй казыятынын катчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн