Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өттү

21.02.2024 09:31
182
Чүй облусунун Жаңы-Жер айылында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өттү


Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын тургундарынын жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер маселелери боюнча айыл тургундары менен жолугушуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өттү.

Буга чейин айылдын тургундары президенттин өкүлү Канат Жумагазиевдин кабыл алуусунда болуп, аларга маселени жеринде көрүп, чечип берүүнү убада кылган.

Тургундардын көбү бул аймактагы үйлөрүн союздун учурунда курушкан, бирок керектүү уруксат документтерин бүгүнкү күнгө чейин ала алышкан эмес.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде Сокулук районунун акиминин биринчи орун басары Капар Адиев, министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттигинин филиал башчысы Жамиля Базаркулова жана Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн жетекчиси Самат Иштыбаев катышты.

Жумагазиев жер мунапысы мамлекет башчысы үчүн артыкчылыктуу маселе экендигин белгилеп, чогулгандарга адистердин жардамы менен алардын тилкелери картага киргизилгендерин билдирип, тиешелүү чечимдерди кабыл алаарын айтты.

Белгилей кетсек, Чүй облусунда жер мунапысынын алкагында жарандардан 40 миңден ашуун арыз түшкөн. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аракети менен жер тилкелерине 19 миң 641 чечим, ошондой эле жерге болгон жеке менчик укугу жөнүндө 15 миңден ашык мамлекеттик актылар берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн