Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:43
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Чүй облусунун башчысы Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушту

14.04.2022 17:01
443
Чүй облусунун башчысы Ысык-Ата районунун тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 14-апрелде президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Кант шаарындагы А.Тойтоев атындагы маданият үйүндө Ысык-Ата районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан турак жай курууга жер тилкесин алуу, айыл чарба жерлерин трансформациялоо, жол, суу, бала бакча маселелери көтөрүлдү.


Облус жетекчиси көтөрүлгөн маселелердин айрымдарына жеринен жооп берип, убакыт талап кылынган суроолор, маселелер көңүл сыртында калтырылбай, өз убагында жооп бериле тургандыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн