Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Чүй облусунун башчысы кытайлык инвесторлорду Кыргызстанда ишкана ачууга чакырды

02.05.2024 17:17
529
Чүй облусунун башчысы кытайлык инвесторлорду Кыргызстанда ишкана ачууга чакырды


Президентинин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев КытайДЫН Шэньси провинциясынын Элдик өкмөтүнүн төрагасы Чжао Ган баштаган делегация мүчөлөрү менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда Жумагазиев Шэньси провинциясы менен Чүй облусу 2009-жылдардан бери кызматташып келе жаткандыгын, бул кызматташтыктын натыйжасында экономика, билим берүү, энергетика, маданият, айыл-чарбасы өңдүү көптөгөн тармактарда алдыга жылуулар болуп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал 2014-жылы түзүлгөн Чүй облусу менен Шэньси провинциясынын ортосундагы достук жана өз ара кызматташуу келишимин дагы да бекемдөө зарыл экендигин айтып өттү.

Андан тышкары, "ДЖУНДА" мунай иштетүүчү заводунун ишмердүүлүгү талкууланып, заводду модернизациялоо иштери аяктаган соң ал облустун өндүрүштүк потенциалын кыйла арттыраары белгиленди.

Тараптар соңку жылдары эки өлкөнүн мамилеси жаңы деңгээлге чыккандын билдиришип, бул жыйынтыкка жетүүдө Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын башчыларынын салымы зор болгондугун айтышты.

Канат Жумагазиев делегация мүчөлөрүнө Чүй облусу Шэньси провинциясы менен кызматташууда инвесторлордун келишине өзгөчө кызыктар экендигин айтып, Кытай ишкерлерин Кыргызстанда ишкана ачууга чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн