Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Чүй облусунун губернатору журналистти эмне үчүн кууп чыкканы тууралуу үн катты

03.07.2021 19:02
1212
Чүй облусунун губернатору журналистти эмне үчүн кууп чыкканы тууралуу үн катты

Министрлер кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналистти иш бөлмөсүнөн кууп чыкты деген видео социалдык тармакка тараган.


Анда журналист Жоодар Бузумов маектешүү үчүн келгендигин айтып, губернатордон айрым суроолорго жооп берүүсүн суранган, ошол маалда аны белгисиз бирөө түртө баштаганын айтып чыккан.


Бул боюнча Эркин Тентишевдин кеңешчиси Борончу Кудайбергенов окуя мындан 3 күн мурун болгонун айтып, буларды билдирди.


"Журналистти иш бөлмөдөн кууп салды деп айтуу дагы туура болбой калат. Окуя 3 күн мурда болгон. Жергиликтүү сайттын өкүлү маек алуу боюнча макулдашкан экен. Негизи мындай иштерди мен сүйлөшүп берчүмүн. Бул жолу сүйлөшүүлөргө аралашпай калгам. Тентишевдин айтымында, иш бөлмөгө эки адам кирип, экөө эки башка редакциядан келгенин билдиришкен. Журналисттердин бири этиканы сактабай "100 күн болуптур губернатор болгонуңа, бул аралыкта эмне кылдың?" деп сураптыр. Тентишев улуу киши да, бир топко унчукпай туруп калыптыр. Бул учурда суроо берген журналист кайра "бул мөөнөт чоң да, эмне кылдың" деп, сен деп кайрылыптыр. Сүйлөшүү жагымсыз башталганда Тентишев суроо берген журналистке маек бере албай турганын, аны менен эмес, башка редакциянын журналисти менен маектешүүгө макулдашканын айтып, сырттагыларга кайдан келгенин карап койгула дептир. Бул учурда жардамчы келип, редакциянын кызматкерин "жүрүңүз" десе, телефонго тартып "ыңгайсыз суроо берсем, жооп бере албай мени кабинеттен чыгарып жатат" дептир. Ал адам айткан редакцияда учурда иштебейт экен. Мен ал журналист жөнүндө карап чыктым. Ал буга чейин деле провокацияга алдырган видеолорду чыгарган экен", - деди окуя тууралуу.


Кеңешчи Борончу Кудайбергенов нааразы кылган нерсе бар дейт.


"Мен таанып, билип, сыйлап жүргөн айрым журналисттер топтолуп алып, атайын провокация кылышат экен. Алар министрлер кабинетинин өкүлүнүн жакшы иштерин жазышпайт. Провокация кылып, жөөлөп, жакалап "силер жөнүндө жаман сөздөр көп болуп кетти го" дешет. Кичине тыйын берип койсо кайра жакшы сүйлөп калышат. Сөз ээсин табат", - деди ал.


Окуя тууралуу Эркин Тентимишев өзү окуя боюнча кеңири айтып берди. Анын билдиришинче, журналист туура эмес кайрылып баштаган.


Булак: "Супер.кг"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн