Чүй облусунун тургуну өз энесин өрттөп жиберди. Бул тууралуу "Кактус.медиа" булактарына таянып билдирди.
Белгилүү болгондой, кечээ, 8-мартта түндө Жайыл районунун Арал айылында 20-25 жаштагы жигит апасына бензин чачып, апасын өрттөп жиберген. Аял каза болгон.
Учурда кылмышка шектүү Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматында. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын психикалык саламаттыгында аномалиялар бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн