Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:11
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Чүй районунда 200 килограмм кара куурай жок кылынды

15.08.2022 13:05
386
Чүй районунда 200 килограмм кара куурай жок кылынды

Чүй районунун аймагында өскөн жапайы куурайлар жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Арал айылынын чыгыш тарабында жайгашкан аймакта өскөн жапайы кара куурай орулуп, тазалоо иш-чаралары өткөрүлдү. Болжол менен 200 килограмм кара куурай жок кылынды.


Ошондой эле Арал айылында жашаган жашоочуларга жапайы кара куурайды өстүрбөө, өскөн куурайларды ордунан жок кылуу талаптары түшүндүрүлдү.


Мындан тышкары тургундардын үйүнүн айланасындагы кара куурайлар убагы менен жок кылынбаса, аларга протокол түзүлүп, айып пул салынары эскертилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн