6-июль күнү Кемин районунун Нур айылындагы Чүй суусуна 12 жаштагы бала түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине Кемин райондук №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана Токмок шаардык №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган.
7-июль күнү издөө иш-чаралары жүргүзүүгө саат 06:00дө 5 куткаруучу, саат 07:00дө чек ара кызматынан 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 07:43тө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн