Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чүйдө 14 жаштагы Бекжан дайынсыз болууда

09.09.2022 14:48
678
Чүйдө 14 жаштагы Бекжан дайынсыз болууда

Чүй районунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Бекжан Нурланбеков изделүүдө.


Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, өспүрүм 7-сентябрда болжол менен саат 23:00дө Садовое айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.


Белгилери: бою 175 см, салмагы 65 кг, арык чырай, чачы кыска жана кара, көзү күрөң. Кийими: боз футболка, кара спорттук кийим жана боз спорттук бут кийим.


“Бекжан Нурланбековдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 03138 5-82-89, 0701 155 315, 0700 13 11 61, 0552 99 20 25 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн