Чүй облусунун Сокулук районунда 20 жаштагы адамдын жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-майда саат 17:00дө Совхоз Фрунзе айылында жайгашкан “Востоцкое” көлмөсүнө 20 жаштагы эркек киши чөгүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 9 куткаруучу тартылып, алар маркумдун жансыз денесин табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн