Чүйдө 35 жаштагы жаран аялын сабап, белине чейин жерге көмүп койгон. Бул тууралуу "Вести.кг" сайты жазды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 35 жаштагы киши үйүнө мас абалда келген. Көрө албастыктан улам, ал 33 жаштагы аялын сабап, үйдүн короосуна сүйрөп кирип, чукурга түртүп, белине чейин көмүп салган. Эмне болуп жаткандыгын көргөн кошунасынын жардам менен аял чукурдан чыгарылган.
Сурак учурунда эркек адам аракетин четке каккан эмес жана кызганычтын айынан аны ушундай жол менен коркуткусу келгенин айткан.
Керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иш-чаралары уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн