Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 00:59:09
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Муфтият Чүйдө эки жүздөй муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таркатты (сүрөт)

22.04.2020 16:03
1026
Муфтият Чүйдө эки жүздөй муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таркатты (сүрөт)

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда муктаж үй-бүлөлөргө 360 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун борбордук “Розалим” мечитинин жааматы 180 миң сомдук азык-түлүктү Лебединовка жана Гроздь айылындагы муктаж болгон 150 үй-бүлөгө берген.


Ошондой эле Пригородный айылынын мечит жааматы 50 миң сом топтоп, ага алынган азык-түлүктү 30 үй-бүлөгө таратышкан. Мындан сырткары кайрымдуулук иш-чарасы Арчалы айылында уюштурулуп, 30 миң сомдук азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө жеткирилген.


Ал эми Озерное жана Беш-Күнгөй айылдарында да 100 миң сомдон ашуун каражат топтолуп, колунда жокторго жардам көрсөтүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн