Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Чүйдө 5 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды

04.08.2021 16:16
659
Чүйдө 5 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды


Аламүдүн районунун аймагында 2021-жылдын 2-августунан 8-августуна чейин “Кара куурай” аталышындагы рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ИИБнин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте баңгизатын камтыган жапайы кара куурайларды жок кылуу боюнча иштери жүргүзүүдө. Андан сырткары айыл жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Район боюнча Гроздь, Мраморное, Лебединовка, Васильевка, Пригородное, Ленинское айыл аймактарында кара куурай өсүмдүктөрүн жок кылуу боюнча 70тен ашык адамдан турган 7 топ түзүлүп, ага Аламүдүн РИИБинен 60тан ашуун кызматкерлер тартылган.

Жалпысынан район боюнча 3,7 гектар аймактагы 5190 килограммдай жапайы өскөн кара куурай чабылып жок кылынды.

Мындай иш-чара 8-августка чейин жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн