Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 12:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чүйдө 53 жаштагы адам жалган маалымат таратканы үчүн кармалды

Чүйдө 53 жаштагы адам жалган маалымат таратканы үчүн кармалды


Жалган маалымат тараткан Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 


Маалыматка ылайык, 27-мартта жалган маалымат таратканы үчүн 53 жаштагы жаран кармалган. Чүй облусунун Ивановка айылынын тургуну медициналык кызматкерлер дезинфекция өткөзүп жаткан учурду видеого тартып, туура эмес маалыматтарды кошумчалап таркатып жиберген. Ал тартип сакчылары менен маектешүү учурунда катасын моюнуна алып, жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сураган.  


Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берилип жатат.  


УКМК жалган маалымат тараткандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн, андыктан жарандарды чындыкка дал келбеген кабарларды таратуудан алыс болууга чакырат.    


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн