Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 07:23
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Чүйдө 6 кичинекей бала көлмөгө чөгүп кетти

Чүйдө 6 кичинекей бала көлмөгө чөгүп кетти


Чүйдүн Жайыл районундагы көлмөгө автоунаа кулап, алты кичинекей бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.


Окуя 20-июнда кечке жуук Жайыл районундагы Алтын айылында көлмөдө болгон.


Милициянын маалыматында Volkswagen Jetta унаасынын 40 жаштагы айдоочусу Г.Т., 26 жаштагы аялы, алардын 7, 6, 4 жаштагы жана быйыл төрөлгөн балдары, ошондой эле 27 жаштагы балдызы жана анын 9, 7, 6, 5 жаштагы балдары менен сууга түшүүгө келишкен. Унаада жалпы 11 киши болгон.


“Ошол жерден Г.Т. спирт ичимдигип ичип, мас абалында унаасын буруп жатып дөңсөөдөн оодарылып, ичиндегилер менен сууга түшүп кеткен. Машинанын ичинен айдоочу, жубайы, экөөнүн жаңы төрөлгөн баласы, балдызы жана анын 7 жаштагы кызы чыгып кетүүгө үлгүргөн. Калгандары чөгүп кеткен”, — деп жазылган маалыматта.


Сууга чөккөн алты баланын сөөгү чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.


Айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.


Иш ИИМ менен Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынганы белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн