Бүгүн Чүйдүн Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында дарыяга агып кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында саат 16:33 чамасында Аламүдүн райондук милициясына Кой-Таш айылында 1997-жылы туулган кыз Аламүдүн дарыясынын жээгинде жуунуп жатып тайгаланып кетип, сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Суунун агымы аны алып кетип, жанында турган досу жардам берүүгө аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.
Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн, Чүй облустук милициясынын кайгуул кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жөнөтүлгөн. Издөө-куткаруу иштери биргелешип жүргүзүлгөн.
Маалым болгондой, бүгүн, 1-октябрда саат 13:10 чамасында Кой-Таш айылында Аламүдүн дарыясына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана милиция кызматкерлеринин биргелешкен аракети менен К.А.нын сөөгү табылган.
“Окуя болгон жерге тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн