Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Чүйдө абактан качып кеткен аял кармалды

29.06.2021 13:38
668
Чүйдө абактан качып кеткен аял кармалды

Чүйдө колониядан качып издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан абактан качкан аял кармалган.


1982-жылы туулган Д.Н. аттуу аял Молдовановка айылындагы №26 абактан жазасын өтөп жатып, качып кеткенине байланыштуу февраль айынын аягында издөө жарыяланган. Бүгүнкү күндө аял кармалып, Жазаларды аткаруу кызматына өткөрүлүп берилди.


Мындан сырткары, милиция кызаткерлери тарабынан жогорудагы аял уурулукка шектелип жатканы аныкталган. Ал жарандырдын ишенимине кирип, ар кандай үй буюмдарын уурдап жүргөнү маалым болгон. Буга байланыштуу сүрөттөгү аялдын кылмыштуу аракетинен жабыркаган жарандарды жакын жердеги ичики иштер органдарына кайрылууну суранабыз.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн