Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 12:44
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Чүйдө алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы бала кармалды

Чүйдө алдамчылыкка шектелип 21 жаштагы бала кармалды

Москва районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


Алардын айтымында, 2021-жылдын 1-январь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 27 жаштагы Н.Р. аттуу жашоочу арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айында чала тааныш эки бала анын бодо малын 150 миң сомго баалып, 20 миң сомун беришип, калган 130 миң сомун бир нече күндөн кийин беребиз дешип, ошол боюнча телефондорун өчүрүп дайынсыз болуп жатканын билдирген.


Ушундай эле арыз менен  2021-жылдын 13-январь күнү жергиликтүү 24 жаштагы А.У. аттуу тургуну кайрылып, аны дагы алдоо жолу менен малын алып, 120 миң сомун бербей качып жүргөн балдарга чара колдонуп берүү тууралуу арыз жазган.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ишитери башталшган. Москва районунун ИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 21 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштиери улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн