Сокулук районунда 2-июль күнү саат 21:34 чамасында Асылбаш айылында “Жигули” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып тез агым сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 1988-жылы туулган аял киши каза болуп, 1986- жылы туулган эркек жана 2013-жылы туулган жаш бала жабыркаган.
Куткаруучулар каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы райондук ооруканага жеткирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн