Чүй облусунун Токмок шаарында жол кыймылынын коопсуздугун
камсыздоо башкармалыгынын кызматкери менен айдоочунун ортосунда чыр чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 22-июнь күнү эртеӊ мененки саат 08:00дө болгон. Видеодо
жол инспекторунун ачууланганын, айдоочу андан кечирим сурап жатканын
көрүүгө болот.
Ал эми Чүй облустук ЖКККБдан аталган окуя боюнча кызматтык териштирүү жүрөрүн билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн