Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 01:05
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Чүйдө кампа өрттөнүп 1 адам жабыр тартты

29.04.2020 09:47
1155
Чүйдө кампа өрттөнүп 1 адам жабыр тартты


Чүй облусунун Жайыл районунда кампадан өрт чыгып 41 жаштагы киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Калинин айылынын Кара-Балта кыска көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 50 чарчы метр чатыры жана “ГАЗ-52” үлгүсүндөгү унаанын 2 дөнгөлөгү күйгөн. Өрт кырсыгынын кесепетинен 41 жаштагы А.Б. аттуу эркек киши II-III даражадагы күйүк алып, тез жардам кызматкерлери тарабынан ооруканага жеткирилген.


Ал эми учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн