Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 00:29
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Чүйдө кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык менен алектенгендер кармалды

04.10.2024 12:07
195
Чүйдө кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык менен алектенгендер кармалды



Чүй облусунда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.


Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Аламүдүн РИИБне 1990-жылы туулган С.М. аттуу жаран Б.С. жана А.А. аттуу жарандарга чара көрүүп берүүнү суранып тууралуу арыз менен кайрылган. Бул жарандар 2023-жылдын март айында Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы жер тилкесин көрсөтүп, ал жерге көп кабаттуу үй курууга макулдашкан. Андан соң, ошол эле жылдын апрель айында Б.С. жана А.А. жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, бул жер тилкесине тиешелүү документтерди бүтүрүүгө жардам берем деп, арыз ээси С.М.ден анын кымбат баалуу унааларына ишеним кат жаздырып алышкан, бирок, бул жер тилкесинин документтери бүткөрүлбөстөн, алдоо жолу менен ири өлчөмдөгү акчаны алып, изин жашырышкан.

Бул факты Аламүдүн РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Мындан тышкары, дагы бир Д.М. атту жаран, жогорудагы Б.С. жана А.А. аттуу жарандар анын 380 000 АКШ доллар өлчөмүндө акчасын алдамчылык жолу менен алып койгондугун билдирген.

Ал эми, жогоруудагы Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын алдамчылык кылмыш аракеттери менен С.М. жана Д.М. аттуу жарандарга жалпы 41 277 310 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. жана 1967-жылы туулган Б.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми тинтүү иш чараларынын негизинде кармалгандардын машинесинен А.А. аттуу жарандын атына жазылган УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү табылып алынган.

Б.С. жана А.А. аттуу жарандардын кылмыш аракеттеринен жабыркагандар жарандар болсо, Чүй облустук ИИБге же 0312 430127 номери боюнча кайрылсаңыздар болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн