Чүй облусунун Москва районунда электр көмөк чордону толугу менен өрттөнүп кетти. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу айылынын Вокзальный көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 96 чарчы метр болгон көмөк чордон толугу менен күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн