Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Чүйдө коронавирус жуктурган медиктердин саны 129га жетти

03.07.2020 14:07
1174
Чүйдө коронавирус жуктурган медиктердин саны 129га жетти


Чүй облусунда коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлердин саны 129га жетти. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн аппарат жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева 3-июлдагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, облустагы 12 мекемеде коронавирус инфекциясын жана пневмонияны дарылоо жүрүп жатат. 


"Учрда 4 ооруканада 109 орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылды. Мындан тышкары, 569 адам үй шартында дарыланууда. Үй карантинде болгон жарандарга байкоо жүргүзүү үчүн уюлдук телефондоруна атайын тиркеме жүктөлгөн. Ошондой эле медкызматкерлер арасында коронавирус жуктургандардын санын азайтуу максатында окуулар өткөрүлүүдө", - деди Гүлнура Мамбетисаева.


3-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 506 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 6 767 учур болду. Каза болгондордун жалпы саны - 76. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн