Чүй облусунун аймагында коронавирус илдетин жуктургандардын жаңы учуру эмне үчүн көп экенин 30-апрелде болгон брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү айтты.
Алардын айтымында, Чүй облусунда ички миграция аябай чоң, мындан улам бул аймакта илдетти жуктургандардын саны көп.
Ошондой эле, Чүй облусу Казакстан менен чектешип, ал өлкөдөн чыккандар жана аэропорттон чартердик каттам аркылуу келгендер да бул аймакта текшерилип жатканын айтышты.
Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкө аймагында коронавирус илдетин жуктургандардын саны 746 адамга жетти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн