Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 14:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Чүйдө мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

06.10.2024 12:15
124
Чүйдө мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды


Күн мурун Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыкананын салтанаттуу ачылуу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Ал өз сөзүндө жыл аягына чейин мамлекеттик дарыканалардын жалпы саны жүзгө жетерин, калк сапаттуу жана жеткиликтүү дарылар менен камсыз болорун айтты.

Чүй районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун директору Нурбек Абдрахманов калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар менен министрди тааныштырып, 143 орунга эсептелген ооруканада жылына 7,5 миң бейтап дарыланып чыгарын айтты.

Дарыгер белгилегендей, Чүй районунунда 5 ҮДТ жана 25 ФАП бар. Оорулууларга диагностикалык кызмат көрсөтүүгө санарип рентген, УДИ, эндогастроскоп жана башка аппараттар бар, лабораторияда базалык анализдерди өткөзүүгө керектелүүчү материалдар толук жетиштүү.

Ошону менен бирге ал “Кыргызфармация” мамлекеттик мекемеси аркылуу 900 миң сомго Маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген дары-дармектердин алынганын жана ооруканада керектүү дарылардын үч айлык кору бар экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн