Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:00
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Чүйдө милиция кызматкерлери үй-жайсыз жарандардын өлүмүн алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

25.01.2023 11:40
240
Чүйдө милиция кызматкерлери үй-жайсыз жарандардын өлүмүн алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө

Жайыл районунда милиция кызматкерлери алдын алуу иш-чараларын улантууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


Учурда аба-ырайынын суук болуп турганда Жайыл районунун аймагында туруктуу жашаган жери жок жарандардын ден-соолугуна жана алардын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайларды болтурбоо максатында, Жайыл районунун милиция кызматкерлери тарабынан кезектеги алдын алуу иш-чарасы күнү түнү өткөрүлүүдө.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө Жайыл районунун аймагында жайгашкан жылуулук өткөн жайлар, ээнсиреген турак жайлар, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырлары, жер төлөөлөр жана башка жерлер текшерилди. 


Туруктуу жашаган жери жок жарандар жана селсаяктар менен алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштыруу иштери жүрүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн