Чүй облусунун Москва районунун Перпеченко айылында турак үй
күйүп 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен
кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кырсык 12-мартка караган түнү орун алган. Анда турак үйдүн 40 чарчы метр дубалы жана шыбы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 5 адам жабыркап ооруканага жеткирилген. Учурда жабырлануучулардын абалы канааттандырарлык экени кабарланат.
Өрттүн себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн