Москва районунда өзүнүн уулун маал-маалы менен аёосуз сабап жүргөн ата кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 16-мартта милицияга 2010-жылы төрөлгөн Д.К. аттуу бала сабалганы тууралуу милицияга кайрылуу түшкөн.
Милиция тиешелүү экспертизалар дайындалдын жыйынтыгында жабырлануучунун атасын кармаган.
Баланын денесинде жаңы жана эски издер аныкталган.
1989-жылы төрөлгөн Д.З. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн