Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн кошумча 404 орун даярдалууда

03.07.2020 13:14
975
Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн кошумча 404 орун даярдалууда


Чүй облусунда пневмонияны дарылоо үчүн 498 орун бар, буга кошумча дагы 404 орунду даярдоо пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Гүлнура Мамбетисаева 3-июлдагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү күндө, Чүй облусунда 12 саламаттык сактоо мекемесинде коронавирус инфекциясын жана пневмонияны дарылоо жүрүп жатат. 


"Алардын ичинен 4 ооруканада 109 орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылган. Жарандарга тез жана ыкчам түрдө алгачкы жардамды берүү үчүн ар бир оорукананын алдында стационардык палатка пункттары даярдалган. Пневмония дартынын күч алышына байланыштуу 8 саламаттыкты сактоо мекемесинде 498 орун даярдалган. 3-июлга карата маалыматка ылайык, жалпы 462 бейтап жаткырылган. Алардын ичинен 4 ооруканада 109 орун даярдалып, учурда 83 бейтап жаткырылган. Жарандарга тез жана ыкчам түрдө алгачкы жардамды берүү үчүн  ар бир оорукананын алдында стационардык палатка пункттары даярдалган", - деди ал. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн