Чүйдүн Жайыл районунда ГАЗ-53 үлгүсүндөгү сүт ташыган автоунаанын газ баллону жарылып, 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Окуя 22-апрелде саат 05:30да Бишкек – Ош трассасынын 64-чакырымында болгон.
"Алдын ала маалыматка караганда, транспортко май куюучу жайдан метан куюлгандан кийин жарылып кеткен. Жеринде ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Май куюучу жай ишин убактылуу токтотту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн