26-февралда саат 09:50лөр амасында Бишкек - Кой-Таш – Ысык-Ата унаа жолунун 25-чакырымындагы серпантин тилкесинде "Мицубиси-Поджеро" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жардан кулап кеткен.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, айдоочусу 1976-жылы туулган А.К. унааны башкара албай, жардан түшүп кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен төмөнкү жүргүнчулөр жабыркаган:
1. 1994-жылы туулган Т.А.М.,
2. 2000-жылы туулган К.Э.,
3. 1974-жылы туулган К.А.В.,
4. 1984-жылы туулган Ч.Е.О..
Алардын бардыгы Ысык-Ата райондук ооруканасына жаткырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн