Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:31
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Чүйдө уурулукка шектелип эки өспүрүм бала кармалды

13.09.2021 13:53
867
Чүйдө уурулукка шектелип эки өспүрүм бала кармалды


Кеминде уурулукка шектелип өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, буга чейин Кемин районунда жайгашкан бир нече дүкөндүн ээлери уурулук фактысы боюнча арыз менен Кемин райондук милиция бөлүмүнө кайрылып, дүкөндөрдүн кулпусун бузуп кирип, акча, уюлдук телефондорун, тамак-аштарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранышкан.


Келтирилген зыяндын өлчөмү аныкталууда. Фактылар Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн КЖБР КР КЖК 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй ОИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери жана Кемин РИИБнин кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташып, райондук ички иштер бөлүмүнө алып келишкен. Алар 15 жаштагы С.Э жана 11 жаштагы С.Э. болуп чыккан.


Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдарды башка ушул сыяктуу жасалган кылмыштар боюнча текшерип жатышат. Үч факты боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн