Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 06:22:12
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Чүйдө үйгө кирип телефон, акча уурдаган аял кармалды

16.04.2022 06:38
1424
Чүйдө үйгө кирип телефон, акча уурдаган аял кармалды

Чүй облусунун Москва районунда уурулукка шектелип 24 жаштагы кыз кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, жабырлануучу 100 миң сомдон ашык зыянга учураган.


Башкармалыктан билдиришкендей, 12-апрелде милиция кызматкерине 1957-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнө кирип уюлдук телефондорун, 60 миң сом, 500 доллар акчасын уурдап кеткендигин айткан.


Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурдоо) боюнча катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1998-жылы туулган И.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн