Баш оона 22, 2025
Убакыт: 07:02
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Чүйдө жасалма документ менен 4 миң долларга жер саткан жаран кармалды

28.09.2022 13:17
1099
Чүйдө жасалма документ менен 4 миң долларга жер саткан жаран кармалды

Чүй облусунда Ленин айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери Д.А. жасалма документ менен 4 миң долларга жер сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында Д.А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранып, ал 2021-жылдын апрель айында үй салуу үчүн жасалма токтом берип, 4 миң доллар алгандыгын билдирген.


Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрда кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, 1970-жылы туулган Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн