Чүй облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, үчөө жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалматка ылайык, Жайыл районунда 1-июнунда саат 06:23 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 175-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) “Nissan Primera” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгинде турган “Renault Masterо” үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 адам каза
болгон. Куткаруучулар маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып тез жардам
кызматкерлерине өткөрүп беришкен
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн