Чүйдө жол кырсыгынан 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 25-майдан 26 майга караган түнү жол кырсыгы катталган. Анда “Тayota Rav 4” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Натыйжада унаада бара жаткан 1 киши, 1 аял жана 2 кыз ар түрдүү жаракаттарды алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн